Голосовой помощник


На сайте присутствует голосовой помощник вам необходимо выделить текст и нажать на кнопку громкости

Маалымат-борбору

Халык Банк Кыргызстан «Digital Kyrgyzstan» эл аралык ПЛАС-форумга катышты

25.03.2023

15-мартта санариптик долбоорлорго байланыштуу маселелер талкууланган “Digital Kyrgyzstan” эл аралык ПЛАС-форум болуп өттү. Дүйнөнүн 15 өлкөсүнөн келген делегаттардын жалпы саны 1015ке жетти. Форумдун алкагында 70 негизги спикерлер баяндама жасашты. Форумдун катышуучуларына иш алакаларын түзүү мүмкүнчүлүгү берилди.

Форум пленардык сессияларга бөлүндү, программалар менен dk.plus-forum.com сайтынан таанышсаңыздар болот. «Халык Банк Кыргызстандын» атынан төмөнкү пленардык сессияларда баяндамалар жасалды:

  • ESG жана Финтех. Экономиканын жана банкингдин эки кубаттуу вектору.
  • Сессия: eGOV тышында мамлекеттик кызматтар. Уламыш кантип чындыкка айланышы керек.
  • Чакан жана орто бизнести санариптештирүү.
  • Технологиялар. Банктык өзүн-өзү тейлөө. Биометрия – заманбап банкингдин милдеттүү элементи.


Сессия: ESG жана Финтех. Экономиканын жана банкингдин эки кубаттуу вектору: «Аялдын ролун бекемдөө бул эки багытты бириктирүүгө жана синнергияны камсыздоого жарайбы?»

Ар түрдүү компаниялардын өкүлдөрү компаниялар кантип гендердик жана социалдык маселелерди, экология жана өз ишмердигин санариптештирүү маселелерин айкалыштырса боло тургандыгы тууралуу кызуу талкуу жүргүзүштү. Башкармалыктын төрайымы Алия Чыныбаева «Халык Банктын» тажрыйбасын баяндап жатып, аудиторияны компаниянын турмушундагы ESG трансформация менен тааныштырды. Эл аралык компания катары Halyk Group 2020-жылдан тартып ESG принциптери менен ишмердигин жүргүзүп келет, Борбордук Азия аймагы боюнча алгачкы ESG (компанияны экологиялык, социалдык жана башкаруучулук маселелерин камтыган баалоо критерийлери) рейтинги бар алгачкы коммерциялык банк.

«Финансы сектору – бул гендердик теңсиздик көйгөйлөрү минимумга түшүрүлгөн же таптакыр жок жападан жалгыз сектор болуп саналат. Halyk Group компаниясынын көптөгөн кызматкерлери аялдар, алардын ичинен көпчүлүгү жетекчилик кызматтарды ээлешет. Ал эми Halyk Group компаниясын аял жетектейт - Үмүт Болатхановна, ал өзүнүн мисалында ESG эл аралык стандартын колдонуу, ошондой эле Туруктуу өнүгүү максаттарынын ичинде гендердик теңчилик, аялдардын жана кыздардын укуктары менен мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү маселеси камтылган номер бешинчи максаттын стандартына ылайык келүү канчалык маанилүү экендигин көрсөттү», - деп белгиледи Алия Чыныбаева.

Сессия: eGOV тышында мамлекеттик кызматтар. Уламыш кантип чындыкка айланышы керек?

Сессияда «Халык Банк Кыргызстан» ААК Чекене бизнес департаментинин директору Олег Баландин «Аралыктан идентификация. Керектөөчүлөрдүн ыңгайлуулугунан өнүмдөр менен сервистерди тандор эркиндигинин кепилдигине чейин» темасындагы презентациясы менен баяндама жасады. Ал «Халык Банк Кыргызстан» жеке жактардын санариптик онбординги жаатында, айрыкча жүздөрдү таануу жана жеке маалыматтарды коргоо тутумунда кандай иштелмелерди колдонуп жаткандыгына кеңири токтолду. «Халык Банк Кыргызстандын» техникалык өз ара аракеттенүү маселелери боюнча мамлекеттик сектор менен жигердүү кызматташып жаткандыгын белгилеп кетүү керек.

Баландин белгилеп кеткендей, онлайн процесстерге келе турган болсок, кадимки санариптик жолдон айырмаланып, онлайн-карталарды чыгаруу, Halyk тиркемесинен кредиттерди тариздөө, ошондой эле аралыктан идентификациядан өтүү мобилдик тиркеменин колдонуучуларынын санынын өсүшүнө алып келди. Бул болсо, өз кезегинде калктын минималдуу тобокелдиктер менен банктык кызматтардан пайдалунуунун жеткиликтүүлүгүн жеңилдетүү менен процесстердин тездешине алып келди.

Сессия: Чакан жана орто бизнести санариптештирүү

«Халык Банк Казахстандын» Чакан бизнес департаментинин директору Альфия Жексенбай «Халык Банк Казахстандын» ишкерлер жана банктык бизнести өнүктүрүү үчүн санариптик чечимдердеги тажрыйбасы жөнүндө айтып берди. Ал «Халык Банктагы» Big data шаймандарын практикалык колдонуу темаларына басым жасады.

«Халык Банк Казакстандагы ири универсалдуу банк болуп саналат, негизгии акцент ЧОБ сегменти менен иштөөгө багытталган. Onlinebank мобилдик тиркемесинин жүздөгөн колдонуучулары, он миңдеген кредит алуучу кардарлар – бул Банктын өз өнүмдөрүн жана кызматтарын өнүктүрүп жана жакшырта турган аудитория болуп саналат», - деп белгиледи Альфия Жексенбай.

Big data менен иштөө шаймандары чоң долбоорлорго– Банктан бизнес үчүн түшүнүктүү, ыңгайлуу, заманбап өнөктөш жасаган маалыматтар фабрикасына айланды. Ошондой эле кардарлардын сегментациясы, алардын муктаждыктарын көзөмөлдөө үчүн жасалма интеллект пайдаланууда. Оптималдуу өнүмдүк сунушка, баарлашуунун туура жана ыңгайлуу каналын тандоого өзгөчө көңүл бурулуп жатат.

Сессия: Технологиялар. Банктык өзүн-өзү тейлөө. Биометрия – заманбап банкингдин милдеттүү элементи.

Алия Чыныбаева өзүнүн «Open Banking жана Open API. Алар салттуу банкингге кандай таасир тийгизет?» темасындагы презентациясы менен бизнеске эмне үчүн OpenAPI керек экендигин, ошондой эле ал «Халык Банк Кыргызстан» менен өнөктөштүк бизнестин fintech маселелери менен digital-стратегияларын кантип чечүүгө жардам бере тургандыгын көрсөтмөлүү түшүндүрүп берди. Ал Халык Банк Кыргызстандын Бизнеске Банктын атынан көмөк боло турган BааS (bank as a service) жаңы сервисти тааныштырды. Бул сервиске топтомдун 3 түрү кирет:

  • Мобилдик байланыш операторлору үчүн топтом;
  • Ири Retail компаниялары үчүн топтом;
  • FinTech компаниялары үчүн топтом.


BааS сервиси компаниялар үчүн регулятордук отчеттуулук, скорингдер, компаниянын фондун бөлүштүрүү сыяктуу татаал маселелерди чечет, ошондой эле банктык сектор үчүн кардарларды идентификациялоо, карталарды чыгаруу, кредиттер менен депозиттерди тариздөө, башка санарип өнүмдөргө жеткиликтүүлүк маселесинде көмөк көрсөтөт.

Мындан тышкары, форумдун спикерлери кызматтарды санариптештирүүнүн динамикалуу өнүгүүсү менен жаңы технологиялардын пайда болууларын эске алуу менен айлана-чөйрөнү коргоонун маанилүүлүгүн унутпоо керектигин белгилешти, компанияларга болсо “Халык Банктын” тажрыйбасы көрсөтүп тургандай ESG-практикаларга өтүүлөрү сунушталды. Halyk Bank бул рейтингден тышкары, башка 3 ири эл аралык Moody’s Investors Service, Standart&Poor’s, Fitch Ratings агенттиктердин дагы рпейтингдерине ээ.