Голосовой помощник


На сайте присутствует голосовой помощник вам необходимо выделить текст и нажать на кнопку громкости

Маалымат-борбору

Halyk Bank 100 жыл

20.04.2023

Быйыл Казакстандын алдыңкы банкы маанилүү тарыхый чектен өтөт: 1923-жылдын октябрь айында туура 100 жыл мурун тутум Ак-Төбөдө тутум түзүүчү каржылык институттун калыптанышынын башаты болгон алгачкы сактык кассасы ачылган. Halyk банктын тарыхы Казакстандын калыптанышынын тарыхы менен тыгыз байланышканын баса белгилеш керек.  

Жүз жылдын ичинде Halyk өлкөлүк банктан аймактык лидерге чейин өстү. Halyk Bank Ата Мекендин жана өз элинин бакубаттуулугу үчүн иштөө аркылуу бүгүнкү күндө Казакстан Республикасынын ири каржылык тобунун өзөгү болуп саналат. Halyk Bank өнүккөн коомду курууга өз салымын кошуу менен Казакстандын экономикасынын реалдуу секторунун негизги кредитору болуп саналат.  

Halyk Bank жана анын туунду компаниялары жүз жылдыктын урматына «100 жакшы иш» акциясын башташты, анын алкагында 2023-жыл бою Казакстандын бардык региондору боюнча масштабдуу социалдык долбоорлорду ишке ашырмакчы. Халык Банк Кыргызстан «100 жакшы иш» акциясынын алкагында өз регионунда социалдык маанилүү демилгелерди ишке ашыруунун жигердүү катышуучусу болмокчу.

«Жүз жыл мурун чакан сактык кассасынын ачылышы менен калк менен иштөөгө багыт алган заманбап банктык тутумдун пайдубалы курулган. Бүгүнкү күндө Halyk – туңгуч ак-төбөлүк сактык кассасынын мураскору– өлкөнүн бардык аймактарында гана эмес, Өзбекстанда, Грузияда, Кыргызстанда дагы иштейт. Банк алктын маанилүү салымдарынын 5,14 триллион теңгелик үлүшүн топтоо менен коомдун жогорку ишеними менен татыктуу колдонууда, анын жигердүү кардарлары болгон жеке жактардын саны 9 млн киши жана Казакстандын 80% ири компаниялары болуп саналат. Өлкөнүн дээрлик бардык ири өнөр жайлык ишканалары биздин банк тарабынан каржыланат. Бул жүз жылда басып өткөн жол тууралуу айтылган кооз сөздөрдөн да ынандыруучу далилдер», - деп белгиледи Halyk директорлор кеңешинин төрагасы Александр Павлов.

 «Эзелтеден эле биздин жергебизде жаз мезгили жаңылануунун, жашоонун жаңы этабынын башталышы катары эсептелген. Ошондуктан дал жаз жазында биз Halyk банкынын жүзүнчү туулган күнүн кантип белгилей турганыбызды жар салалы деп чечтик. Биз үчүн ар бир казакстандык өзүн маданияттар менен каада-салттардын уникалдуу айкалышынан турган ажайып кооз өлкөгө таандык экенин сезе билүүсү маанилүү. Акция «100 жыл калк менен бирге» ураанынын алдында өтөт. Бул толугу менен биздин келечекке карай ишенимдүү аракет кылуубузга күч-кубат алуу үчүн эл менен биримдикте болууга болгон умтулуубузду толук чагылдырат. Биз өзүбүздүн тарыхыбызда эч качан четте турган байкоочу болбогондугубуз менен сыймыктанабыз. Биз оор кырдаалда ар дайым жардам колун узатып, жеңиштүү жана ийгиликтүү күндөрдүн кубанычтарын бирге бөлүшөбүз. Halyk – бул өз өлкөсү менен бирге өсүп жаткан банк. Дайыма жаныңардагы банк. Эл үчүн иштеген банк», - деп баса белгиледи Halyk башкармалыгынын төрайымы Үмүт Шаяхметова.