Кымбаттуу достор!
"Халык Банк Кыргызстан" ААК @backpacktours.kg компаниясы менен өнөктөштүктө The Weeknd тобунун концертине билет + Европа боюнча 10 (он) күндүк тур ойнотот.
Ойнотууга катышуу үчүн кийинки шарттарды аткаруу зарыл:
Instagram жана TikTok тармактарындагы halykbank.kg баракчасына катталуу;
- Конкурстук посттун алдындагы комментарийлерде минимум 3 досун белгилөө (аккаунттар чыныгы жана жандуу болушу зарыл, аларга конкурстун катышуучусунун дагы катталышы керек. Комментарийлердин саны чектелбейт. Атактуу инсандардын, пабликтердин, дүкөндөрдүн, компаниялардын ж.б. аккаунттарын белгилөөгө тыюу салынат);
- Стористе конкурстук публикацияны репост кылыңыз жана өзүңүздүн Instagram баракчаңыздын актуалдуу бөлүгүнө «The Weeknd» деген ат менен сактап коюу;
- Жеке жактар үчүн Halyk мобилдик тиркемесинин колдонуучусу болуу;
- Жеке жактар үчүн Halyk мобилдик тиркемеси аркылуу QR-код боюнча төлөмдөрдү көбүрөөк жүргүзүү;
- Акцияга 18 жаштан улуу жеке жактар катыша алат;
- Instagram жана TikTok социалдык тармактарындагы аккаунт чыныгы жана ачык болушу керек. Конкурстарга катышуу үчүн атайын ачылган, эч кандай публикациялары жок, коммерциялык аккаунттар конкурска катыша албайт.
Турдун байге фондуна төмөнкүлөр камтылган:
1) Женева, Вена, Прага жана Париж шаарларына баруу менен Европа боюнча 10 күндүк саякат;
2) отелдерде жашоо;
3) Жеңүүчүнүн Бишкектен жана Европанын ичиндеги авиакаттам чыгымдары;
4) The Weeknd тобунун Прагадагы концертине бир билет;
5) Виза жана визалык колдоо
Турга медициналык камсыздандыруу, тамак-аш, аэропорттон отелге чейинки трансфер, багаж, шаардык салык, музейлерге жана көңүл ачууларга кирүү билеттери каралган эмес.
Көңүл бургула! Конкурс 2023-жылдын 25-июнуна (камтуу менен) чейин жүрөт, жыйынтыгында конкурстун бардык шарттарын аткарган жеңүүчү аныкталат.
Кошумча маалымат: - Катышуучулар өздөрүнүн чет өлкөлүк паспортунун 2023-жылдын 30-сентябрына чейинки мөөнөтүн текшерип коюңуз;
- Виза берилбей калган учурда, жеңүүчүгө кепилденген белек: Түркияга эки кишилик саякат берилет;
- Акцияга Банктын кызматкерлери жана алардын жакын туугандары, ошондой эле Банк менен өзгөчө мамилелер менен байланышкан жактар катыша албайт;
- Юридикалык жактар/ЖИ/ЖМ.
Жеңүүчүнү белгилөө тартиби
1. Акциянын мөөнөтү боюнча «Halyk» Эл аралык инвестициялык банкта QR-код боюнча эң көп төлөмдөрдү жүргүзгөн жана бардык шарттарды аткарган бир гана жеңүүчү аныкталат. Жүргүзүлгөн төлөмдөрдүн бирдей саны боюнча бир нече жеңүүчүлөр болгон учурда «Halyk» эл аралык инвестициялык банкта QR-код боюнча төлөмдөрдүн саны көбүрөөк киши жеңүүчү деп табылат;
2. Жеңүүчүнү тандоо менен жыйынтык чыгаруу – 03.07.23-ж.;
3. Акциянын жыйынтыктары Банктын расмий сайтында жана социалдык тармактарда жарыяланат.
Толук маалымат алуу үчүн 8008 номерине кайрылсаңыз болот - чалуу акысыз.
Халык Банк Кыргызстан бардык катышуучуларга ийгилик каалайт!