Голосовой помощник


На сайте присутствует голосовой помощник вам необходимо выделить текст и нажать на кнопку громкости

Маалымат-борбору

Кыргыз сомуна 30 жыл! Банк кызматкеринин күнү менен!

10.05.2023

Кымбаттуу достор, бүгүн улуттук валютанын – кыргыз сомунун жүгүртүүгө киргизилгенине 30 жыл толуп олтурат. Бул окуя Кыргыз Республикасынын дүйнөлүк экономикадагы көз карандысыздыгын баса белгилеген маанилүү окуя болуп саналат. Сом ушул жылдардын ичинде экономикалык жана саясий өзгөрүүлөргө карабастан, ишенимдүү, бекем жана эң мыкты корголгон валюталардын бири болуп калды. 30 жылдын ичинде кыргыз сому көптөгөн өзгөртүүлөргө жана алмашууларга дуушар болду жана азыркыга чейин өнүгүп келе жатат. 2023-жылдын 10-майынан баштап КР Улуттук банкы тарабынан улуттук валютанын мааракесинин урматына 200, 500 жана 1000 сом номиналындагы жаңыланган банкноталар жүгүртүүгө киргизилди. Халык Банк Кыргызстан жалпы республикабызга бакубаттуулук, экономикалык өсүш жана өнүгүүнү, ал эми сомго туруктуулук менен дүйнөлүк аренада бекемделишин каалайт! Муну менен катар Халык Банк Кыргызстан бардык кесиптештерди кесиптик майрамы менен – Банк кызматкеринин күнү менен куттуктайт! Биз сиздердин ак эмгегиңиздер менен ишке берилгендигиңиздер, өлкөбүздүн ишенимдүү жана туруктуу каржылык тутумун түзүүгө кошкон аракетиңиздер үчүн чын дилден ыраазычылык билдиребиз!