Голосовой помощник


На сайте присутствует голосовой помощник вам необходимо выделить текст и нажать на кнопку громкости

Маалымат-борбору

Халык Банк Кыргызстан — "Калдыктарды башкаруу боюнча мыкты практика" сертификатынын ээси!

15.05.2023

Бүгүн 2022-жылдын жыйынтыгы боюнча Халык Банк Кыргызстан «жашыл» экономика менен туруктуу өнүгүүгө кошкон салымы үчүн  "GREEN WASTE LEADERS-2023" сыйлыгына татыктуу болду. Катышуучуларды сыйлоо аземи WasteNet.kg Ишкердик тармагы тарабынан уюштурулган салтанаттуу иш-чаранын алкагында ишке ашты.

Бул сыйлык Халык Банк Кыргызстандын курчап турган чөйрөгө жана экологияга тийгизилген терс таасирди минималдаштырууга багытталган тажрыйбаларды ишке ашырууга чоң көңүл бургандыгынын далили болуп саналат. Банк өз ишмердигинин алкагында калдыктарды башкарууга инновациялык ыкмаларды колдонуп келет.
GREEN WASTE LEADERS-2023 логистикалык жана кайрадан иштеп чыгуу тармагынын кадыр-баркын жогорулатуу, ошондой эле экономиканын ар түрдүү тармактарындагы уюмдарды таштанды ыргытуучу жайлардын булганышын азайтуу жана курчап турган чөйрөнү коргоону камсыздоо үчүн калдыктарды башкарууга шыктандыруу максатында уюштурулган. Иш-чаранын алкагында «Best Recycle Practice - 2023» белгиси менен экологиялык маркировка сыяктуу ар кандай актуалдуу темалар, КР министрликтери жана ведомстволорунун өкүлдөрү, ошондой эле эко-актвидүүлүктөр менен байланышкан инсандар менен Кыргызстанда калдыктар менен иштөө индустриясынын артыкчылыктары талкууланды. «ESG Central Asia» жана «Coca-Cola İçecek Kyrgyzstan» компанияларынын директорлору, ошондой эле «The Coca-Cola Foundation» Кавказ жана Орто-Азия аймактарында өкмөт жана коомчулук менен байланыш боюнча менеджери иш-чаранын өзгөчө коноктору болушту.

Халык Банктын командасы жетишкен ийгиликтери менен чектелип калбайт жана курчап турган чөйрөгө тийген таасирин минималдаштыра билген тажрыйбалар менен инновацияларды колдонуу аркылуу жашыл экономика менен туруктуу өнүгүү багытындагы ишин улантат. «Халык Банк Кыргызстан» ААК өз кезегинде 2020-жылдан баштап ESG принциптери менен иштеген, Борбор Азия аймагында ESG (компаниянын экологиялык, социалдык жана башкаруу маселелери камтылган баалоо критерийлери) рейтинги менен иштеген алгачкы коммерциялык банк болгон Казакстандын ири Halyk банкынын туунду компаниясы болуп саналат.