Голосовой помощник


На сайте присутствует голосовой помощник вам необходимо выделить текст и нажать на кнопку громкости

Маалымат-борбору

Халык Банк Кыргызстан "BIFF-2023" форумуна катышты

24.05.2023

25-майда «Технологиялар. Мүмкүнчүлүктөр. Туруктуу өнүгүү» ураанынын алдында Бишкек эл аралык финансы форуму-2023 (BIFF-2023) өттү. Бул жыл сайын өтүүчү ири финансылык иш-чара финансы секторунун ар түрдүү тармактарынын жогорку класстагы эксперттерин чогултуп, коомчулуктун көңүлүн бурду.

Чакырылган баяндамачылар: Visa Inc. компаниясынын вице-президенти Кристина Дорош, UNEP финансы демилгесинин жетекчиси Эрик Ашер, Казакстандагы венчурдук инвестициялар боюнча эксперт Адиль Нургожин, ошондой эле Борбор Азия жана Монголиядагы «Касперский Лабораториясы» башкаруучу директору Валерий Зубанов. BIFF-2023 форумунда Кыргыз Республикасынын ири уюмдарынын, министрлик менен ведомстволорунун өкүлдөрүн топтоду. Алар менен бирге КР Министрлер Кабинетинин Төрагасы – Акылбек Жапаров, Борбор Азияда курчап турган чөйрө боюнча БУУнун Программасынын Субаймактык кеңсесинин башчысы – Айдай Курманова жана КР УЮ Башкармалыгынын төрагасы – Чокоев Заир да катышты. 

Халык Банк Кыргызстан BIFF-2023 форумунда жигердүү катышты жана санарип технологиялар менен ESG-тажрыйбалар тармагындагы билими менен бөлүштү. Башкармалыктын төрайымы Алия Чыныбаева «Финансылык технологиялар» панелдик талкуусунда «Бизнес үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөрдү ачуу: OpenAPI экотутумунун финтех үчүн ролу» темасы менен аудиторияга ачык банкингдик артыкчылыктар жөнүндө маалымат берди. Башкармалыктын төрайымынын орун басары Сарышов Дулат Халык Банктын тажрыйбасынын негизинде «Туруктуу каржылоо» панелдик талкуусунда ESG-рейтингин алуу жөнүндө, ошондой эле ESG экотутумун ишке киргизүүдөгү пландар менен күтүүлөр менен бөлүштү.

Быйылкы BIFF-2023 форуму «Кыргыз сомуна 30 жыл» урааны менен өтүп, мааракенин маанилүүлүгү жана Кыргызстандын финансы тармагына форумдун салымын баса белгиледи. Иш-чара КР Улуттук банкынын колдоосунда Банктардын Союзу тарабынан уюштурулду. Иш-чарага 300дөн ашуун банктык жана микрокаржылоо институттарынын, жергиликтүү жана эл аралык финансы-кредиттик мекемелердин, ошондой эле эл аралык жана бейөкмөт уюмдардын өкүлдөрү катышты.

* BIFF-2023 форуму пикир алмашуу, финансы секторундагы акыркы тренддерди жана IT-чечимдерди талкуулоо үчүн оптималдуу аянтча болуп саналат. Форумдун негизги темалары финансы секторундагы тренддер жана инновациялар, туруктуу каржылоо маселелери жана ESG принциптери менен байланышкан. Форум Кыргыз Республикасындагы жана коңшу өлкөлөрдөгү каржы индустриясынын өнүгүүсүнө жана катышуучулардын ортосунда өнөктөштүк мамилелердин калыптанышына да ийгиликтүү салым кошот.