Голосовой помощник


На сайте присутствует голосовой помощник вам необходимо выделить текст и нажать на кнопку громкости

Маалымат-борбору

Халык Банк Кыргызстан: бизнес үчүн мыкты интернет-банкингдин үчилтигинде!

31.05.2023
Халык Банк Кыргызстандын SME Banking Agency тарабынан жүргүзүлгөн Business Online Banking 2023 изилдөөсүнүн натыйжасында, Кыргызстандагы бизнес үчүн үч мыкты интернет-банкингдин бири болуп таанылды.

Биздин банк Кыргыз Республикасынын 23 коммерциялык банкын 120 критерий боюнча талдаган эл аралык изилдөөдөн ийгиликтүү өттү. Бул изилдөө онлайн-кызматтарыбыздын функционалдуулугунун жогорку деңгээлин коопсуздугун жана колдонуудагы ыңгайлуулугун тастыктады.

Биз кардарларыбызга санарип дүйнөдө жайлуулук менен ыңгайлуулукту түзүүгө умтулабыз жана онлайн-банкинг кызматтарын өркүндөтүүнүн үстүндөгү талыкпаган эмгегибиз эл аралык эксперттер тарабынан бааланууда.

Биздин күн сайын мыкты болуубузга шыктандырган бардык кардарларыбызга көрсөткөн ишенимдери менен колдоолору үчүн ыраазычылык билдиребиз. Биз жетишкендиктерибиз менен сыймыктанабыз, бизнесиңиз үчүн инновациялык жана ыңгайлуу чечимдерди өнүктүрүүгө аракетибизди улантууга сөз беребиз.edited 10:30