Голосовой помощник


На сайте присутствует голосовой помощник вам необходимо выделить текст и нажать на кнопку громкости

Маалымат-борбору

Valoa командасы Халык Банк Кыргызстандын насатчыларынын жетекчилигинин алдында TSI AUCA Гранд финалында биринчи орунга ээ болду

19.06.2023

19-июнда Novotel мейманканасында июня БААУ Инновациялык колледжинин  (TSI AUCA)  командалар аралык FIP 2023 Гранд Финалы болуп өттү. Жолугушууда финалисттер тарабынан дисциплиналар аралык страртап-долбоорлор көрсөтүлдү, командаларга жеке компаниялардын, банктардын, фонддордун, БУУ менен бирге эл аралык уюмдардын, Эл аралык ишкердик кеңешинин өкүлдөрү, ошондой эле депутат Дастан Бекешев тарабынан байгелүү орундар тапшырылды. Бул долбоорлор Кыргызстандын ири банктарындагы насаатчылардын колдоосу менен иштелип чыккан.  Халык Банк Кыргызстан Valoa командасынын супервайзери болду. Бул насаатчылык «Казакстандын Элдик Банкы» АК 100 жылдыгына карата «100 жакшы иш» акциясынын алкагында жүрдү. Быйылкы жылдын аягына чейин Халык Банк Кыргызстан өзгөчө аймактардан топтоло турган Кыргызстандын 100 кызына менторлугун жүзөгө ашырат. Valoa командасын даярдоодо Халык Банк Кыргызстандын менторлору балдардын стартап презентациялары менен даярдыгына өзгөчө көңүл бурушту. Быйылкы кыштан бери менторлор командага спичтерди, бизнес-планды даярдоодо, уюштуруу учурларында колдоо көрсөтүштү жана презентацияны мыктылоого жардам беришти.   Талыкпас эмгектин натыйжасында Valoa командасынын долбоору башка финалисттерден айырмалана алды жана TSI AUCA Гранд Финалында биринчи орунга ээ болду. Алардын долбоору көрүүсу начар адамдарга арналган мобилдик банктык тиркемелери үчүн аралыктан идентификациянын инклюзивдүү системасын көрсөтүп берди. Халык Банка Кыргызстан менторлорунун бири – Башкармалыктын төрайымынын орун басары Дулат Исатаевич минтип баса белгиледи: «Менторлордун өздөрү балдар менен иштөөдөн кызыктуу тажрыйбага ээ болушту. Биз бул долбоорго жан дилин берген команданын бир  бөлүгү болгонубузга ыраазыбыз жана ага жакында спонсор табылат деп ишенебиз. Бул долбоор социалдык багытка ээ, өлкөнүн өнүгүшүнө баа жеткис салым кошо алат, ошондой эле көрүүсү начар адамдарга жардам берет. Ошол эле учурда TSI AUCA студенттеринин башка долбоорлору дагы социалдык-экономикалык мүнөзгө ээ, андыктан биздин Банк аларды кубануу менен колдойт, анткени Халык Банк ESG – туруктуу өнүгүүнүн максаттары менен тажрыйбалардын жолун жолдоочусу болуп саналат». TSI AUCA Гранд Финалында Мastercard жана EPAM эл аралык компаниялардын жана TechnoWomen коомдук бирикмесинин өкүлдөрү дагы катышышты. Мastercard 2-орунду ээлеген UniFin командасынын насаатчысы болду. UniFin керектүү параметрлердеги кредитти же депозитти тандап алууга мүмкүн боло турган каржылык жана камсыздандыруу сабаттуулугу боюнча тиркеменин иштелмесин сунуштады. «Билим берүү – бардык аймак үчүн негизги тема болуп саналат. Биз Борбор Азиянын бардык өлкөлөрүнүн студенттери менен иштейбиз, коуч болууга жардам беребиз, долбоорлорду коргоону үйрөтөбүз, алардын инсандык жана кесипкөйлүк өнүгүүсүнө көмөктөшөбүз», - деди Борбор Азяидагы Мastercard башкы менеджери Рафал Трэпка. EPAM Systems америкалык IT компаниясы иш-чаранын дагы бир маанилүү катышуучусу, ошондой эле насаатчысы катары дагы катышты. Компаниянын кенсеси жакындан бери Кыргызстандын аймагында иштей баштады. EPAM өзгөчө балдардын ата-энелери үчүн абилитациялык борборлор жөнүндө бардык маалыматтар камтылган сайттын долбоорун иштеп чыккан Everability командасына насаатчылык кылды. TechnoWomen коомдук бирикменин өкүлдөрү - Айдай Исмаилова, Наргиза Жакыпова, Мээрим Асаналиева - Comfort, Miraculum жана 7eam командаларынын насаатчысы болушту.  
• Comfort эмеректерди сатуу үчүн маркетплейстин долбоорун иштеп чыкты;  
• Miraculum курулуш компаниясынын ТЖБ тиркемесин сунуштады;  
• 7eam банктык кепилдиктердин QR-идентификациясы боюнча стартапты көрсөттү. 
TechnoWomen бирикмесинин менторлорунун бири Наргиза Жакыпова белгилегендей: «БААУ инновациялык колледжи адистерди гана даярдабастан, венчурдук фонддор менен башка компаниялар тарабынан колдоого алына турган стартаптарды даярдаган инсандарды дагы даярдайт. Балдардын кээ бирлери өз стартаптарын сатып жиберишти, бул алардын даярдыгынын жогорку деңгээлин тастыктап турат». БААУ Инновациялык  колледжи (TSI AUCA) Гранд Финалдын уюштуруучусу болгондугун баса белгилесе болот. Колледждин жетекчилиги билдиргендей, TSI AUCA Финалдык дисциплиналар аралык долбоору (ФДД): «бул студенттерге дипломдук иштеринин ордуна өз стартаптарын коргоого мүмкүнчүлүк берген, өлкөдө башка аналогу жок, TSI уникалдуу педагогикалык инновация болуп саналат. Мындай тажрыйба БААУ колледжинде эки жылдан бери колдонулуп келет. Былтыр жалпы 18 команда катышып, алардын ичинен 4 гана команда КР компанияларынын колдоосуна татыса, быйыл 12 команданын ичинен 9уна колдоо көрсөтүлдү. Бул ФДДга болгон кызыгуу күчөп жаткандыгын жана бизге ири компаниялар кызыгуусун артып жаткандыгын билдирет.». Халык Банк Кыргызстан TSI AUCA Гранд Финалынын уюштуруучуларына жана супервайзерлерине катышкандыктары жана коомубуздун келечектеги өнүгүүсүнө салым кошуп жаткан мындай демилгелерге колдоо көрсөткөндүгү үчүн ыраазычылык билдирет.