Голосовой помощник


На сайте присутствует голосовой помощник вам необходимо выделить текст и нажать на кнопку громкости

Маалымат-борбору

Халык Банк Кыргызстандын "The Weeknd концерти + Евротур" конкурсунун жыйынтыктары

03.07.2023


Кымбаттуу достор! «Халык Банк Кыргызстан» ААК @backpacktours.kg менен биргеликте өткөрүп жаткан The Weeknd + Европага 10 (он) күндүк турдун билетин ойнотуусун жыйынтыктап, жеңүүчүсүн аныктады. 

Ойнотуунун бардык шарттарын аткарган М.К. Дүйшөгулов жеңүүчү болду.

Биз конкурсантты куттуктайбыз жана эң жакын убакта ал Европага саякатка жөнөп, дүйнөлүк жылдыз The Weeknd концертинин маанайына аралашып келе турган кубанычына ортоктошпуз.

Эске салсак, байге фондуна төмөнкүлөр киргизилген: 
1. Женева, Вена, Прага жана Парижди кыдыруу менен Европа боюнча 10 күн саякат;
2. Отелдерде калуу;
3. Жеңүүчүнүн Бишкектен турдун шаарларына жана Европа ичиндеги авиакаттамдарынын чыгымдары;
4. Прагада The Weeknd концертине бир билет;
5. Виза жана визалык колдоо.

Конкурсанттардын катышкандыктары жана активдүүлүктөрү үчүн ыраазычылык билдиребиз!
Биздин жаңылыктардан кабар алып туруңуздар жана конкурстарыбыздын жигердүү катышуучуларынан болуңуздар!