Голосовой помощник


На сайте присутствует голосовой помощник вам необходимо выделить текст и нажать на кнопку громкости

Маалымат-борбору

Келечекке акылың менен инвестиция кыл!

28.08.2023



Бүгүнкү күндө бардык өнүккөн өлкөлөр депозиттерди коргоо системасын түзүү муктаждыгын таанышты, анткени, бул система банктык кризистер менен финансылык толкундоолордун учурунда банктар банкроттуулук же башка олуттуу көйгөйлөргө тушукканда жарандарга кепилдиктерди берет. 2008-жылы Кыргыз Республикасы депозиттерди коргоонун өз системасын ишке киргизген, Халык Банк Кыргызстан анын алгачкы катышуучуларынан болуп саналат. Бул биздин Банктын кардарлардын аманаттары үчүн ишенимдүү жер экендигин тастыктайт. Анын үстүнө депозиттерди камсыздандыруу суммасы быйыл 1 миллион сомго чейин жогорулатылды.

Банкыбызда бардык курактар менен категориялар үчүн депозиттер бар:
балдар жана пенсионерлер үчүн: Halyk – Балдар (12%га чейин) жана Элдик – пенсиялык (13%га чейин);
эмгек акы долбоорунун алкагындагы мекемелердин кызматкерлери жана жеке жактар үчүн: Элдик – төлөмдөр менен, Элдик – топтомо жана Halyk - Универсалдуу;
саякатчылар үчүн: «Halyk» тиркемеси аркылуу «Элдик  топтомо» (12,5%га чейин);
ири аманатчылар үчүн: Элдик – Стандарт VIP (12%га чейин).
юридикалык жактар үчүн: Юридикалык жактар үчүн мөөнөттүү - Халык Топтомо-Онлайн (12,5%га чейин) жана Оффлайн 12%га чейин.

Мындан тышкары, Fitch Ratings эл аралык рейтингдик агенттиги Халык Банк Кыргызстандын негизги банкы - Halyk Bank банкын «BBB‐» деңгээлинде дефолттунузак мөөнөттүү рейтингин берип келет, Прогнозу: «Туруктуу». Агенттиктин баасы боюнча Halyk Bank банкынын финансылык туруктуулугунун рейтинги банктык сектордо финансылык институттун маанилүү атаандаш артыкчылыктары менен бекемделет, ошондой эле туруктуу кирешелүүлүккө жана капитализацияга ээ. Fitch агенттигинин пикирине ылайык, «Туруктуу» прогнозу, Банктын учурдагы рейтингин сактап калуу үчүн финансылык көрсөткүчтөр боюнча бекемдиктин запасы жеткиликтүү.

Банкыбыздын ишенимдүүлүгүнүн өтө маанилүү белгилеринин дагы бири Халык Банк Кыргызстан Moody’s Ivestors Service, Standart&Poor’s, FitchRatings сыяктуу 3 ири агенттиктердини рейтингине кирген, ошондой эле Лондон фондулук биржасында листингге ээ Halyk тобунун курамына кирет. Бул рейтингдер банктын операцияларынын ачык-айкындуулугу менен дүйнөлүк стандарттарга шайкештигин баса белгилейт.

«Halyk Bank депозиторлордун каражаттарынын ишенимдүүлүгүн камсыздоого, ликвиддүүлүктүн жогорку деңгээлин колдоого, көйгөйлүү активер менен дайыма иштөөгө жана башка нерселерге көбүрөөк көңүл бурат», - деп Halyk банкта белгилешет. Халык Банк Кыргызстан финансылык туруктуулуктун жогорку деңгээлин көрсөтүп келет жана кардарларыбыздын ишеними менен тастыкталат. Ошондуктан, Банк эл аралык деңгээлде дагы, республикалык деңгээлде дагы бир нече сыйлыктарга татыктуу болду. Ушул аптада Халык Банк Кыргызстан Кыргыз Республикасындагы депозиттерди коргоо системасын өнүктүрүүгө кошкон салымы үчүн Депозиттерди коргоо агенттигинин ыраазычылык катына ээ болду.

Биз КР депозиттерди коргоо агенттигине кызматташтыгыбыз үчүн, ал эми кардарларыбызга, өнөктөштөрүбүзгө жана кызматкерлерибизге колдооңуздар менен ишенимиңиздер үчүн ыраазычылык билдиребиз!