Голосовой помощник


На сайте присутствует голосовой помощник вам необходимо выделить текст и нажать на кнопку громкости

Маалымат-борбору

Кыргызстан банктар союзунун банктар аралык турниринде Халык Банк Кыргызстандын волейбол командасы коло медаль утуп алды

09.10.2023


8-октябрда волейбол боюнча Кыргызстан Банктарынын Кубогунун аялдар командаларынын арасында Халык Банк Кыргызстандын командасы мыкты оюн көрсөтүп, үчүнчү орунга ээ болду.

Мелдештер Кыргызстан Банктар союзу тарабынан төртүнчү жолу уюштурулуп жатат. Биздин команда бул мелдештерге өтө дыкат даярданды.

Өткөн дем алыш күнү Халык Банк Кыргызстандын командасы "Бакай Банк", "KICB", "Бай-Түшүм" жана "Оптима Банктын" командалары менен беттешип, и "KICB" менен "Оптима Банктын" командаларын утуп финалга өттү.

Финалда Халык Банк Кыргызстандын командасы "Оптима Банктын" командасын жеңип, (2:0) үчүнчү орунга татыктуу болду.

Банкыбыздын атынан бул турнирде татыктуу оюн көрсөткөн  таланттуу спортсменкаларыбызга ыраазычылык билдиребиз. Ошондой эле бардык оюндарда бизге колдоо көрсөтүп келген биздин туруктуу күйөрмандарыбызга дагы ыраазычылык билдиребиз. Сиздердин колдоо биз үчүн абдан маанилүү!

Бул биздин командабыздын эң мыкты жетишкендиги болду! Командабызды бул татыктуу жеңиши менен куттуктайбыз!