Голосовой помощник


На сайте присутствует голосовой помощник вам необходимо выделить текст и нажать на кнопку громкости

Маалымат-борбору

11-марттан тартып Visa төлөм системасы Россия Федерациясынын банктары менен ишин убактылуу токтотот

01.03.2022

Visa төлөм системасы Россиянын банктары менен 11-мартка чейин иштейт. Бул тууралуу төлөм системасынын расмий сайтында айтылат.

11-марттан кийин бул системанын карталарын колдонуу менен чек ара аралык операциялар жана чет элдик интернет-дүкөндөрдөн сатып алуулар үчүн төлөмдөр жеткиликсиз болот.

«Халык Банк Кыргызстан» ААКсы Visa системасы менен штаттык режиминде иштээрин белгилейбиз. Кыргызстандыктар Visa картасын колдонуу менен бардык операцияларды жүргүзѳ алышат, ошондой эле сатып алууларды арарлыктан жана мүмкүн болушунча тез төлөөгө мүмкүндүк берген контактсыз технологиялуу улуттук төлөм системасынын ЭЛКАРТ NFC карталарын, картаны башка жакка бербестен, колдоно алышат. ЭЛКАРТ NFC ошондой эле төмөнкү операцияларды аткарууга мүмкүндүк берет:

·    PIN-кодун киргизбестен 3 000 сомго чейин нак эмес төлөм;

·    Банкоматтардан нак акча алуу 24/7;

·    Акча каражаттарын коопсуз сактоо;

·    Каалаган филиалда жана аманат кассасында картанын эсебине акча каражаттарын салуу.