Голосовой помощник


На сайте присутствует голосовой помощник вам необходимо выделить текст и нажать на кнопку громкости

Маалымат-борбору

Халык Банк Кыргызстан дүйнө жүзү менен Бүткүл дүйнөлүк айлана-чөйрөнү коргоо күнүн белгилөөгө кошулуп жатат

05.06.2023

Бүгүн биз дүйнө жүзү менен Бүткүл дүйнөлүк айлана-чөйрөнү коргоо күнүн белгилөөгө кошулуп жатабыз! Биз Халык Банк Кыргызстанда туруктуу келечекти курууга умтулуудабыз жана   ESG – экологиялык, социалдык жана башкаруу жоопкерчилик принциптери боюнча иштейбиз. Биз өз планетабызга сарамжалдуу мамиле жасоонун маанилүүлүгүн түшүнөбүз жана айлана-чөйрөнү сактоого өз салымыбызды кошууга даярбыз. Биз жаратылышты коргоо жана ага тийгизген терс таасирлерди кыскартууга багытталган БУУ жана мамлекеттик уюмдар тарабынан уюштурулган иш-чараларга жигердүү катышып келебиз. Ишембиликтерди өткөрөбүз, энергиялык майнаптуулукту колдойбуз жана туруктуу өнүгүү үчүн инновациялык чечимдерди ишке киргизебиз. Айлана-чөйрөбүзгө кам көрүү жана баары үчүн жагымдуу келечек куруу – бул биздин жалпы жоопкерчилигибиз. Биз биргеликте маанилүү өзгөрүүлөрдү киргизе алабыз!