Голосовой помощник


На сайте присутствует голосовой помощник вам необходимо выделить текст и нажать на кнопку громкости

Маалымат-борбору

Халык Банк Кыргызстан жалпы республикалык ишембиликке катышты

10.06.2023

Бүгүн, 10-июнда Халык Банк Кыргызстан социалдык инфраструктураны, санитардык абалды жакшыртуу, шаарлардын жана калктуу пункттардын аймактарын  жашылдандыруу менен көрктөндүрүү максатында өткөрүлүп жаткан жалпы республикалык ишембиликке катышты. Бул ишембилик – курчап турган чөйрөгө кам көрүү жана табигый мурасты коргоо демилгеси гана эмес, жашоого ыңгайлуу чөйрөнү түзүүгө умтулган жарандарды бириктирип турат.

Халык Банк Кыргызстан ESG принциптерине ылайык ишмердигин жүргүзгөндүктөн, туруктуу өнүгүүгө жана экологиялык, социалдык жана башкаруу аспектилерин камтуу менен региондордо жашоо сапатын жакшыртууга өзгөчө көңүл бурат.

Халык Банк Кыргызстан ишембиликтин ар бир катышуучусуна көмөгү үчүн ыраазычылык билдирет, анткени биргелешкен аракеттерибиздин негизинде өзүбүзгө жана келечек муунубузга мыкты чөйрөнү түзө аларыбыз шексиз.