Голосовой помощник


На сайте присутствует голосовой помощник вам необходимо выделить текст и нажать на кнопку громкости

Маалымат-борбору

«Халык Банк Кыргызстан» ААК чакан жана орто бизнестин ээлери үчүн кредиттердин пайыздык чендерин төмөндөттү

30.10.2022

Урматтуу кардарлар!

2022-жылдын 1-ноябрынан тартып, «Халык Банк Кыргызстан» ААК чакан жана орто бизнестин ээлери үчүн кредиттердин пайыздык чендерин төмөндөттү.

Банктын кардарлары өз бизнесин өнүктүрүү үчүн үч жылга чейинки мөөнөткө 250 миңден 1 миллион сомго чейин кредит ала алышат.

Атап айтканда:

250 000 сомго чейин – жылдык 25% ( 24 айга чейин)

1 миллион сомго чейин – жылдык 21% ( 36 айга чейин)

  1 миллион сомдон ашык – жылдык 20% (36 айга чейин)

Акция 2022-жылдын 30-декабрына чейин жүрөт.

«Халык Банк Кыргызстан» ААК 16 жылдан бери чакан жана орто бизнести каржылоо менен алектенип келет. Банктын стратегиялык милдетинин бири заманбап шарттар менен муктаждыктарды эске алуу аркылуу бизнести колдоо болуп саналат.

Эгер сизде кандайдыр-бир суроолор пайда болуп калса, бизге 24/7 режиминде кайрылсаңыз болот:

Байланыш борбору: 8008 – чалуу акысыз.

WhatsApp: +996 706 988 330